Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:16

Евробиримдик министрлери Түркия менен мамилени талкуулашат


Федерика Могерини Мальтадагы жолугушуунун алдында
Федерика Могерини Мальтадагы жолугушуунун алдында

28-апрелде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Түркия менен мамилени талкуулоо максатында Мальтада бейформал жыйынга чогулушту. Ал Анкара-Брюссель алакасы сууп турган учурда өтүүдө.

16-апрелдеги референдумдан кийин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өлүм жазасын кайра киргизүү зарылдыгын билдирген. Анда Түркия үчүн Евробиримдиктин эшиги жабыларын Брюссель эскерткен.

Ошол эле учурда Европарламент мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотууга чакырууда. Түркия НАТОнун белдүү мүчөсү экенин эске алып, туруктуу кызматташтыкты колдогондор да бар.

"Түркия аймактагы маанилүү өлкө экенине чындап ишенем. Биз бирге турушубуз, сүйлөшүүбүз, угушубуз керек. Бул өтө маанилүү. Анткени кандай гана санкция же басым болбосун таасирге ээ болоруна ишенбейм", дейт Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичюс. Бирок бейформал болгондуктан бул жыйын чечим кабылдабасы айтылды.

Аз мурда Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Йоханнес Хан "Азаттык" радиосуна биримдик "кызматташтыктын ыктымал жаңы форматын" талкуулай башташы керек деген эле.

Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуусу үчүн ондогон жылдардан бери сүйлөшүүлөр майнапсыз жүрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG