Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:45

Москвада дагы бир оппозициячыга суюктук чачып кетишти


Наталья Федорова
Наталья Федорова

Орусиядагы оппозициялык "Яблоко" партиясынын активисти Наталья Федоровага бирөө кол салып, бетине белгисиз суюктук чачып кетти. Окуя 28-апрелде болгонун анын партиялашы Сергей Митрохин Твиттерге жазды.

Митрохиндин айтымында, активист азыр ооруканада, дарыгерлер анын көзү көрбөй калганын айтышкан. Партия активистке Москва бийлигинин шаардагы советтик беш кабаттуу үйлөрдү түрттүрүп салуу планына каршы чыкканы үчүн кол салынды деп эсептөөдө.

27-апрелде Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун башчысы Алексей Навальныйга иш кеңсесинен чыгып баратканда зеленка чачып кетишкен. Врачтар анын оң көзү "химиялык күйүккө кабылган" деген диагноз коюшту.

"Полициянын, атайын кызматтын ушунун баарына катышып, зеленка чачкычтарга ким кайда кетет, кандай самолетто учат деген өңдүү маалыматтарды берип турушканы мени кыжырлантат", - деген Навальный оппозициялык ишмердигин токтотпосун билдирди.

Азырынча орус бийлиги бул окуяларга комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG