Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:25

Кошмо Штаттардын Коргоо министрлигинин кабарлашынча, Түндүк Кореянын аймагында жарылган баллистикалык ракета орто аралыкка эсептелген.

Пхеньян ракета сыноосун Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин жыйынан соң өткөрдү. Жыйында АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Түндүк Кореяга санкцияларды күчөтүүгө жана мурда кабыл алынган резолюцияларды аткарууга чакырган.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трапм Пхеньяндын ийгиликсиз ракета сыноосу боюнча кабар тараган соң, Твиттердеги баракчасына мындай аракети менен Түндүк Кореянын жетекчилиги Кытайга одоно мамиле көрсөттү деп жазды.

Пхеньян жыл башынан бери бир нече ирет баллистикалык ракетасын учуруп, алардын кеминде үчөө Жапон деңизине түшкөн. 16-апрелдеги акыркы ракета сыноо ийгиликсиз аяктаган. АКШ эл аралык коомчулукту, анын ичинде Кытайды Түндүк Кореяга чараны күчөтүүгө чакырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG