Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:41

Экс-депутат Жакупова шаардык сотко кайрылды


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакупова “аны өлкөдөн чыгууга тыюу салган” Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечиминин үстүнөн шаардык сотко кайрылды.

Бул тууралуу Жакупова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, жарандык иш боюнча өлкөдөн чыгарбоо чечимин кабыл алуу Жарандык процессуалдык кодекстин беренелерине каршы келет.

Чолпон Жакупова 1-майда АКШда шайлоо мыйзамдары жана сөз эркиндиги боюнча жыйынга барууга камынып жатканын кошумчалады.

Башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын, ар-намысын коргоп Zanoza.kg сайтын сотко бергени 28-апрелде белгилүү болгон.

Прокуратура бул маалыматты ырастаган. Анда 30-мартта аталган сайтта өлкөдөгү абал тууралуу Чолпон Жакупованын пикири жарыяланган.

Прокуратура анда президенттин кадыр-баркына шек келтирген деген жүйө менен Zanoza.kg сайтын негиздеген "Промедиа" фонду, сайттын журналисттери Нарын Айып, Дина Маслова жана Чолпон Жакупованын ар биринен 3 миллион сомдон талап кылууда.

Zanoza.kg сайтына байланышкан бул жаңы иш боюнча соттун биринчи отуруму 2-майга белгиленгени айтылууда.

Март айында Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркы менен ар-намысын коргоп Zanoza.kg сайтына карата үч арыз, апрелдин башында дагы бир арыз жазган болчу.

XS
SM
MD
LG