Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 18:08

Орусиянын бир нече шаарында ишембиде өткөн оппозициянын “Тажаттың” аттуу акциясына катышкан 200дөй адам кармалды. Акциянын уюштуруучуларынын маалыматына караганда, Санкт-Петербургда 103 адам кармалган. Алардын көпчүлүгүн полиция тез эле бошотсо, айрымдарына административдик айыппул салынган.

Москвадагы акция учурунда кармалгандар болгон жок. Миңден ашык адам президент Владимир Путиндин администрациясына 2018-жылы өтчү шайлоого катышпоо чакырыгы менен каттарын тапшырышты.

Акцияны уюштурган “Ачык Орусия” кыймылынын негиздөөчүсү Михаил Ходорковский нааразылык иш-чарасы ийгиликтүү өткөнүн жарыялады.

Оппозициячыл саясатчы Путиндин дагы бир жолу президенттикке ат салышуусуна мыйзамдуу жол менен нааразылык билдирүү акциянын негизги максаты болгонун билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG