Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Аалымдар кеңеши Өзгөндөгү кырсыкка байланыштуу фатва чыгарды


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Аалымдар кеңеши Өзгөн районунда көчкү астында калгандардын сөөгүн издебей, ошол жерди мүрзөгө айлантуу боюнча фатва чыгарды. Мындай чечим 30-апрелде чукул жыйында кабыл алынды. Ага Аалымдар кеңешинин 11 мүчөсү катышып, сунушту бир добуштан колдошту.

Маалыматка караганда жер көчкү же башка ушул сыяктуу апааттарда топурак астында калгандардын сөөгүн табууда кыйынчылык жаралса, ошол жерди кабырга айлантууга шарият жол берет. Жыйында буга диний китептердеги аргументтер келтирилди.

29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жети үйдү басып калган. Топурак алдында калган турак-жайларда 24 адам болгон. Үчөөнүн сөөгү 30-апрелде табылган. Издөө иштерине 400дөй адам тартылган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG