Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:41

Сузак: Канжыга айылына кеткен жолго көчкү түштү


Быйыл кар калың жаап, жаз жаанчыл болгондуктан, Кыргызстанда жер көчкү, сел коркунучу башкы маселеге айланды.

Райондун Канжыга айылына барчу жолго жер көчкү түшүп, сайдагы көпүрөнү сел алып жол каттамы жабылып калды. Бул тууралуу айыл тургундары телефон аркылуу "Азаттык" радиосуна кабарлашты. Алардын айтымында, 10 күн мурун көпүрөнү суу жеп, бузула баштаган, 29-апрелде жарактан чыкты. Азыр айыл менен байланыштырчу каттам жок.

Айылдагы №55 Файзулла Ташматов атындагы орто мектепте айрым окуучулар сабакка келбей жатканын директор Калмурат Кулуев билдирип, мектепке келүүчү жолдорго көчкү түшкөнүн кошумчалады. Мектепте 130 окуучу билим алат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы Акылбек Төрөкулов эки ирет жолдогу көчкүдөн улам айылга жете албай жатканын, жакынкы күндөрү адистер барарын билдирди. Айылдыктар тамак-аш тартыштыгы жаралып жаткандыгын айтышууда. Канжыга айылы Сузак районунун борборунан 65 чакырым алыстыкта жайгашкан. (RsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG