Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

«Альфа-секьюрити» агенттигинин кампасынан курал-жарак жоголду


Бишкектеги «Альфа-секьюрити» күзөт агенттигинин курал кампасынан "Сайга" үлгүсүндөгү 9 карабин мылтыкты, 10 "Макарыч" тапанчасын белгисиз кишилер уурдап кетишкен.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, милицияга курал-жарак жоголгону тууралуу маалымат 27-апрелге караган түнү түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу кампага барганда куралдардын жоголгону жана аны алгандар терезе аркылуу киргени аныкталган. Алар ок-дарыга тийген эмес.

Азыр курал уурдагандарга издөө жарыяланып, иликтөө уланууда. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG