Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:08

Өзгөндө кырсык болгон аймактарга 118 чатыр тигилди


Өкмөт тиккен чатырлар

Ош облусунун Өзгөн районунда жер көчкү жүргөн аймактарда эл үчүн өкмөт тарабынан 118 чатыр тигилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, турак жайы топурак астында калгандар жана кооптуу жерде жашагандар убактылуу ошол чатырларда баш калкалоодо.

29-апрелде райондун Аюу кыштагында жер көчүп, 24 адамды жана бир канча турак жайды басып калган. Жалпак-Таш айыл аймагында да үйлөрдү жексен кылган.

Тургундар чатырларда ар бири өз үй-бүлөлөрү менен жашап жатышат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG