Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Парижде 1-майдагы жүрүштө башаламандык болду


Парижде Кесиптик кошуундар уюмунун 1-майга карата уюштурулган жүрүшүндө башаламандык болду. BFM TV каналы тараткан маалыматка ылайык, беткапчан кишилер полицияга таш жана күйүүчү май куюлган бөтөлкө ыргытышкан. Андан эки тартип сакчысы жараат алды.

Демонстранттарга каршы көздөн жаш агызган газ колдонулду. Полиция 150дөй адамды курчаганы кабарланды, бирок кармалгандар тууралуу маалымат жок. Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата уюштурулган майрамдык жүрүш убактылуу токтоп, кийин уланды.

7-майда Францияда президенттик шайлоонун экинчи туру болот. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG