Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Иранда немис туристтер бараткан автобус оодарылып кетти


Иран (архивдик сүрөт)

Ирандын түштүк аймагында немис туристтери бараткан кичиавтобус оодарылып, бери дегенде эки адам каза тапты, 17 киши жараат алды. Бийликтин маалыматына караганда, каза тапкандар Германиянын жарандары. Бир адам Шираз бейтапканасында оор абалда жатат. Кырсык болгон жерден аны ооруканага тик учак менен жеткиришкен. Жабыркагандар арасында эки ирандык жаран - айдоочу жана котормочу бар.

Маалыматка караганда, Шираз жана Саадат-Шахр калааларын байланыштырган жолдо катуу ылдамдыкта келаткан айдоочу рулду башкара албай калган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG