Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Согушкерлер Сириядагы качкындар лагерине жакын жерге чабуул койду


Сирия.
Сирия.

Сириянын түндүк-чыгышындагы качкындар лагерине жоочулар чабуул коюп, 38 адамдын өмүрү кыйылды. Отуздан ашуун адам жарадар болду. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы уюму тараткан билдирүүгө ылайык, "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлери шейшембиде Сирия менен Ирак чек арасындагы Ражм-ал-Салиби өткөрүү пунктун бутага алган. Бул аймакты АКШ колдогон "Сириянын демократиялык күчтөрү" жикчилдер тобу көзөмөлдөйт.

Маалыматка караганда, бир канча адам жардыруу жасап, айрымдары уктап жаткан жайкын тургундарга ок атышкан.

Араб жана күрттөрдөн куралган "Сириянын демократиялык күчтөрү" тобу өлкөнүн түндүк тарабындагы чоң аймакты былтыр радикал жоочулардан тазалашкан. Учурда экстремисттердин борборуна айланган Ракка шаарын алууга аракет жасап жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG