Ооган расмий өкүлдөрү билдиргендей, жарылуу борбор Кабулдун АКШ элчилиги жайгашкан бөлүгүнө жакын жерде болду.
Чет элдик аскерлердин кербени бутага алынган жардыруудан кеминде сегиз адамдын өмүрү кыйылып, дагы 28 киши жаракат алды.
Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Нажиб Даништин айтымында, курмандыктардын көпчүлүгү жайкын тургундар. Жардырууну жанкечти жасаганы же бомбаланган унаа жарылганы азырынча анык эмес.
АКШ күчтөрүнүн өкүлүнүн айтымында, жарылуудан алардын үч аскери жаракат алды. Жарылуу НАТОнун Ооганстандагы аскелери колдонгон брондуу унаалардын тобу кетип бара жаткан кезде болгон.
Кабулдагы бул кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. "Талибан" кыймылы өткөн аптада жазгы чабуулун баштаганын жарыялаган болчу. Ооган борборунда быйыл жыл башынан бери эле беш ири кол салуу жасалып, андан жүздөгөн жайкын тургундардын өмүрү кыйылды жана жаракат алышты. ( UE)
Facebook шеринеси