Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:55

Оштун Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында көчкү баскан жерден сегизинчи сөөк табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 17 жаштагы уландын денеси 3-майда кечке жуук топурак астынан чыгарылды. Бир аз мурда 10 жана 14 жаштагы кыздардын денеси табылган эле.

29-апрелде аталган кыштакта тоонун боорунан көлөмү 200 миң метр куб жер көчүп, жети үйдөгү 24 адамды басып калган. Алардын үчөөнүн сөөгү 30-апрелде, экөө 2-майда табылган. Издөө иштерине аскерлер, куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар болуп, 400дөй адам тартылган.

Издөөнү кыйынчылык коштогондуктан Аалымдар кеңеши кырсык болгон жерди мүрзөгө айлантып, казуу иштерин токтотуу боюнча фатва чыгарган. 2-майда дин өкүлдөрү барып жеринде жаназа окуган. Бирок элдин суранычы менен издөө иши уланып жатат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG