Кыргызстанда соңку төрт ай ичиндеги жер көчкүлөр жети жылдык нормага жетти. Бул тууралуу 3-майда Ошто өткөн өкмөттүк жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Кырсыктардан ондогон адамдардын өмүрү да кыйылды.
29-апрелде Өзгөн районунун Аюу-Сай кыштагында жер көчүп, жети үйдөгү 24 адам топурак астында калган. Алардын сегизинин сөөгү табылды. Издөө иштери уланууда. (YI\SE)