Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:45

УКМК: "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү соттолду


Быйыл мартта Ош облусунун Кара-Суу шаарында "хизбутчу" деп шектелген адамдын үйүнөн табылган адабияттар жана буюмдар.

УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлагандай, 27-апрелде Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен 43 жаштагы жергиликтүү тургун үч жылга эркинен ажыратылды.

Анын "Хизб ут-Тахрир" уюмуна мүчө экени аныкталган. Кылмыш кодексинин 299-2-беренеси (экстремисттик материалдарды алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу) менен айыптуу деп табылды.

Былтыр 28-сентябрда атайын кызмат Каракол шаарында халифат түзүү жана мамлекеттик түзүлүштү кулатуу демилгесин жайылтып жүргөн "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун көмүскө түйүнү табылган. Анын жүрүшүндө кармалып, үч жылга соттолгон бул адамдан тыюу салынган аталган уюмдун диний китептери, DVD-дисктер, баракчалар жана журналдар алынган.

"Хизб ут-Тахрир" - Кыргызстанда тыюу салынган 20 уюмдун бири. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG