Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:30

Кытайдын түндүк ыптасын кумдуу бороон каптады


Бейшембиде Кытайдын түндүк ыптасын кум учурган бороон каптады. Буга байланыштуу башкалаа Бээжиндин метеорология кызматы көк деңгээлдеги айгай көтөрдү. Ушундан кийин көчөлөрдө жөө жүргөндөр дароо азайганы байкалат. Жаз сайын Кытайга Гоби чөлүндөгү кумду сапырган шамалдын эпкини тиет. Ал кээде өлкөнүн түштүк ыптасына да жакындайт.

Мындай учурда мындагылар беткапчан жүрүүгө аргасыз. Бул күнкү чаңдын абадагы өлчөмү 630 микрограмм экени эсептелди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму абадагы чаң 10 микрограммдан ашпоосу керектигин белгилеген. (MTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG