Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:36

Жаштарды колдогон "Жашстан" долбоору башталды


Кыргызстанда ынтымакты, тынчтыкты бекемдөөгө жана жарандарды ийгиликтүү болууга үндөгөн "Жашстан" долбоору башталды. Аны эл аралык Search for сommon ground (Жалпы кызыкчылыктарды издөө) уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү быйыл апрелден тарта ишке ашырууда.

Уюмдун кызматкери Акылай Каримова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Баткен облусунан башка бардык аймактарда 162 улан-кызды тандап алып, алар менен өзүн-өзү өнүктүрүү, радикализм жана экстремизмдин куралына айланбоо жаатында иш алып барышат. Андан тышкары, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына идеялар менен кайрылып туруу, коомдун өнүгүүсүнө салым кошуу жаатында кеп-кеңештер берилет. Бул үчүн элдин аялуу катмарындагы жана коомдон өзүн обочо алып жүргөн жаштар менен иштешүү максат кылынган. Долбоор бир жарым жылга уланат. (SE)

Акылай Каримова менен маекти бул жерден угуңуз:

Жаштарды өнүктүрүү үчүн "Жашстан" долбоору башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:20 0:00
Түз линк

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG