Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:11

Ооган-Пакистан чегиндеги кагылыштан кеминде үч адам өлдү


Чаман өткөрмө бекети. 21-март, 2017-жыл.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, ооган жана пакистан коопсуздук күчтөрүнүн кеминде үч адамды өлтүрүп, 24 кишини жарадар кылган кагылышуусу эки өлкөнүн чек арасындагы Чаман өткөрмө бекетинде болду.

Пакистандык дарыгерлердин айтымында, өлгөндөрдүн бирөө аял, жараат алгандардын 21и пакистандык.

Ал эми ооган тараптан үч полиция кызматкери жарадар болгон.

Бүгүн таңдагы атышуу үчүн эки тарап бири-бирин айыптоодо. Пакистан тарап атышууну ооган тарап баштады десе, ооган өкүлдөрү күнөөнү коңшусуна оодарууда. (UE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG