Туристтерди тартчу мекеме түзүлүшү мүмкүн
Туристтерди тартуу жана туризмди өнүктүрүү маселеси "Арай көз чарайда" талкууланды. Ага Маданият министрлигине караштуу Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов, Туристтер ассоциациясынын жетекчиси Талант Токталиев жана Жаш ишкерлер ассоциациясынын туризм комитетинин мүчөсү, туристтик компаниянын жетекчиси Кумар Каримов катышты.