Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Чоң-Алай: бүгүнкү жер титирөөнүн чыгымы иликтенүүдө


Чоң-Алайдагы жер титирөө.
Чоң-Алайдагы жер титирөө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында 3-майдан бери кайталанып жаткан жер титирөөлөрдөн кийин 903 турак жай изилденип, анын 92си биринчи, 204ү экинчи, 285и үчүнчү, 319у төртүнчү, үчөө бешинчи категорияга киргизилди.

Бул үйлөргө 3-май жана 5-майда болгон жер титирөөдөн улам жаракалар кеткен. Тактоо иштери уланууда. 3-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында очогунда 7 баллга жеткен силкинүү болгон.

Кыргыз-тажик чек арасында бүгүн да түшкө чейин төрт жолу жер титиреп, алардын биринин күчү очогунда 7 баллга жеткенин Сейсмология институту билдирди. Очогу Тажикстандын аймагында орун алды.

Жекенди айыл аймагындагы бир нече айылдагы 717 адам убактылуу тигилген чатырларда жашап жатышат. 3-майдагы жер титирөөдөн Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар үйлөр авариялык абалга кептелген. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG