Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:50

6-майда премьер-министр Бишкек - Кара-Балта жолунун ремонту менен таанышты. Ал жолдун сапаты мындан ары катуу көзөмөлгө алынарын, тендерде жеңген компания ремонт ишин 2017-жылдын 20-майында бүткөрүүсү керектигин белгиледи.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, ушул эле күнү өкмөт башчы Чүй облусунун Маловодное айылындагы салмак габариттик көзөмөл пунктунун иши менен таанышты.

- Өкмөткө салмак габариттик көзөмөл пунктунун иши боюнча парламент депутаттары, айдоочулардын өздөрүнөн көптөгөн даттануулар келип түшүүдө. Салмак габариттик көзөмөл пунктунун айрым кызматкерлери коррупцияга айыпталууда. Алар акча үчүн ашыкча жүктөлгөн фураларды өткөрүп, анын жыйынтыгында жолдун катмары бузулуп жатат.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Салмак габариттик көзөмөл департаментинин директору Эмилбек Таштаналиев маалымдагандай, коррупция менен күрөшүүнүн алкагында салмак габариттик пунктунун 260 кызматкери мыйзамсыз жыйымдар жана жемкорлук үчүн айыпталып, жумуштан алынган.

Жээнбеков көзөмөл пунктарында мобилдик түйүндөрдү жана жүк ташууларды көзөмөлдөөчү он-лайн системасын ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи. Аталган системаны 2017-жылдын 20-майына чейин ишке киргизүү тапшырылды.

Кыргызстанда жолдордун абалынын начардыгы жана жол кырсыктарынын көбөйүшүнөн улам өкмөттүн дарегине көп сын айтылып келет.

Сооронбай Жээнбеков 27-апрелде парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып 2016-жылы Кыргызстанга келген каражаттын эң көп бөлүгү жолдорду оңдоого жумшаларын айткан. Өткөн жылы 4,9 млрд. сом бөлүнгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG