Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Аба ырайы: 7-майда жаан жаайт


Чукул билдирүү

2017-жылдын 6-майынан 8-майына чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана аба температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош авто унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-128, 132-136-чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 222-250-чакырымдары, Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак авто унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2017-жылдын 7-9-майында республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыялардагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлөт.

7-майда бийик тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;

Суусамырда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Баткенде түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 градуска чейин жылыйт.

7-майда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метерге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 21…23 градус жылуу болушу ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG