Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Нигерияда барымтадагы 82 окуучу бошотулду


Барымтадагы кыздардын бир бөлүгү 2016-жылы бошотулган.
Барымтадагы кыздардын бир бөлүгү 2016-жылы бошотулган.

Нигерияда “Боко-Харам” радикал тобунда 2014-жылдан бери барымтада болгон 82 окуучу бошотулду. Окуучулар экстремисттик топтун мүчөсү деп шектелип кармалгандарга алмаштырылды. Нигерия өкмөтү окуучулардын бошотулушу боюнча расмий билдирүү жасады. Анда “Боко-Харам” тобунун канча мүчөсү бошотулганы айтылган жок. Маалыматка караганда, швейцария өкмөтү жана Кызыл чырым эл аралык комитети “Боко-Харам тобу менен окуучуларды бошотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө жардам берген. Ошондой эле билдирүүдө барымтадан бошотулган кыздар президент Мухаммад Бухари менен жолугары айтылат.

“Боко Харам” радикал тобунун мүчөлөрү 2014-жылы Нигериянын түндүгүндөгү Борно провинциясындагы Чибок кыштагынан 12ден 15 жашка чейинки кыздарды эки жүк ташуучу машинеге жүктөп кеткен. Нигерия полициясы 276 кыздын дайыны жоктугун билдирген болчу.

Барымтадагы кыздардын бир бөлүгү 2016-жылы бошотулган.(КE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG