Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:11

Чоң-Алай: жер титирөөдөн 529 үй авариялык абалга келди


3-майдан бери Чоң-Алай районунда түрдүү магнитудадагы 16 жер титирөө катталган болсо, анын 8и төрт баллдан жогору болгон.

Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун жер титиреген Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди жана Шибээ айылдарына барган учурда белгилүү болду. Өкмөт башчы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, табият кырсыгынан жабыркаган турак үйлөрдү, социалдык жана инфраструтуралык объекттердин абалы менен таанышты. Ошондой эле кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюуга мүмкүн болушунча күчүн жумшай турганын кошумчалады. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев билдиргендей, 3-майдан бери Чоң-Алай районунда түрдүү магнитудадагы 16 жер титирөө катталган болсо, анын 8и төрт баллдан жогору болгон. Жалпысынан 993 турак үй текшерүүдөн өтүп, анын 8и толук жарактан чыккандыгы, 529 үй авариялык абалда экендиги жана 456 үй түрдүү оңдоого муктаж экени аныкталды. Ошондой эле жергиликтүү оорукана да капиталдык оңдоого муктаж жана жер титирөөдөн мечит менен орто мектеп да жабыркаган. Жабыркаган жергиликтүү элге 510 чатыр тигилип, ага 3 миңге чукул адам жайгаштырылды. Учурда жарандык коргонуу органдары келтирилген чыгымдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG