8-майдан тарта Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоого үгүт иштери башталганын "Азаттык" үналгысына аймактык шайлоо комиссиясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, шайлоого мурда бириге албай, таркап кеткен партиялар, андагы талапкерлердин 70% катышууда. Аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, мыйзамда аларды кайра катыштырбоо каралган эмес.
Буга чейин шайланып келген 7-чакырылыштын депутаттары бир пикирге келе албай, коалиция түзө алышкан эмес жана март айында өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алышкан. Анда шаардык кеңеш КСДП, "Ата Журт", "Республика - Ата Журт", “Өнүгүү - Прогресс” жана "Кыргызстан" фракцияларынан куралган болчу.
Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоо 28-майда өтөт. Ага КСДП, "Ата Журт", "Республика", “Өнүгүү - Прогресс”, "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана" Бүтүн Кыргызстан" партиялары катышып жатат. (RsK)