Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 04:45

Жеңиштин 72 жылдыгы Орусиянын шаарларында адаттагыдай парад жана «Өлбөс полктун» жүрүшү менен белгиленди. Москвада ага 10 миңдей киши андан тышкары аскер техникалары-куралдары тартылган. Аба ырайына байланыштуу параддын абадагы бөлүгү болгон жок.

"Дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн өз ара байланышы жоктугунан расалык артыкчылык деген кылмыштуу идеологияга жол берилип, ошондон улам бул тирукмуш трагедиянын алдын алууга мүмкүн болгон эмес", - деди парадда сүйлөгөн Орусия президенти Владимир Путин.

Ал ата-бабалар Европага жана дүйнөгө тынчтык орнотуу үчүн жеңишке жеткенин белгиледи. Ошол эле учурда СССРдин агездеги батыштык өнөктөштөрү Улуу Британия менен АКШнын салымын эске алган жок.

Учурдагы күрөшө турган көйгөй деп терроризмди баса белгиледи.

Кремлдин сынчылары Путин ата-бабалардын жеңишин парад аркылуу, майрамдоо аркылуу геосаясат үчүн колдонот деп айыптап келишет. Ошол эле учурда согуш ардагерлерине жетиштүү көңүл бурулбай жатканы белгиленет.

Акыркы маалыматтар боюнча, Экинчи Дүйнөлүк согушта (1939-1945) 50 миллиондон ашуун адам өлгөн. Анын 27 миллиону СССРдин жарандары.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG