Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Жогорку Сот Салянованын күйөөсүнө байланышкан ишти караган жок


Жогорку Сот "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго байланышкан ишти караган жок. Анткени адвокаттар Жогорку Сотко берген көзөмөл доо арызды кайтарып алган. Бул тууралуу аталган органдын маалымат катчысы Айнура Токтошева "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, 10-майда жазык иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегия Абдыкапаров менен чогуу айыпталган үч адамдын ичинен Марат Кутановдун гана доо арызын карап, Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 20-апрелиндеги өкүмүн күчүндө калтырды:

- Ал эми Абдыкапаров, Мамбеталиев, Имановго карата жазык иш каралган жок. Себеби, адвокаттар 4-апрелде бул үчөөнүн көзөмөл арыздарын чакыртып алган, иш кыскарган.

Бакыт Абдыкапаровго Улуттук коопсуздук комитети 2015-жылдын мартында “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айып таккан. Ал башында турган топ “Электр станциялар” ишканасынын жетекчилигин мажбурлап, казакстандык "Жезказганэнергосбыт" компаниясынан көмүр сатып алууну уюштурганы айтылган. Ошол жылы октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Абдыкапаров жети жылга шарттуу кесилген. Ал эми бул ишти караган Бишкек шаардык соту аны 3 жыл шарттуу кескен.

Абдыкапаров өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. (NT/EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG