Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:27

Сирия: Табка шаары террорчулардан бошотулду


Табканын картасы
Табканын картасы

10-майда АКШ колдогон сириялык куралдуу топ Табка шаарын "Ислам мамлекети" террор тобунан бошотту. Муну менен андан 40 чакырым ыраактагы, террорчулар башкалаасы атап алган Ракка шаарына жол ачылганы кабарланат.

Күрт жана араб согушкерлеринен куралган "Сирия демократиялык күчтөрү" союзунун өкүлү Насер Хадж Мансур шаар "толук бошотулганын" билдирүүдө. Муну "Ислам мамлекети" террор тобуна каршы күрөшүү боюнча АКШ президентинин өкүлү Бретт Макгерк да Твиттерде ырастады.

"Сирия демократиялык күчтөрү" Табканы алыш үчүн бир нече жумадан бери күрөшүп келген. 9-майда АКШ аларга оор курал-жарактарды берүүнү чечкени кабарланган. Курал-жарактан тышкары, аларга операция учурунда Кошмо Штаттары баштаган коалиция аба соккулары жана спецназ менен жардам көрсөткөн.

АКШнын курал көмөгүнө НАТОдогу өнөктөшү Түркия нааразы. Анткени сириялык күчтөрдүн курамындагы күрттөрдүн тобу Түркияда террористтик деп таанылган.

XS
SM
MD
LG