Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:17

12-майда Бишкекте "Таза шайлоо - туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи" деген аталышта тегерек үстөл болот. Иш-чараны "Жарандык көзөмөл комитети" уюштурууда. Аталган комитеттин өкүлү Наргиза Нанакееванын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, анда алдыдагы президенттик шайлоого даярдык, аны таза, тынч өткөрүп алуу маселеси ортого салынат:

- Жарандык көзөмөл комитети бийлик тарапты, партия лидерлерин элди дүрбөлөңгө салбай, мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыгын, туруктуулугун эң башкы максат кылып, алдыдагы президенттик шайлоону таза жана тынч өткөрүп алалы деген ниетте ачык диалогго чакырып атат.

Тегерек үстөлгө президенттик жана өкмөттүк аппараттан, Жогорку Кеңештен, жарандык коомдон өкүлдөр, саясий партиялардын лидерлери, саясатчылар жана эксперттер чакырылган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо ноябрь айында болот. Буга чейин бир нече саясий партия президенттик шайлоого талапкерин көрсөткөн. Аз күн мурун Боршайком айрым талапкерлер мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүп жатканын белгилеп, эскертүү берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG