Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:14

АКШ климаттык өзгөрүү боюнча саясатын карап көрүүгө шашпайт


Рекс Тиллерсон
Рекс Тиллерсон

Бул тууралуу мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Аляскадагы арктикалык форумда сүйлөгөн учурда билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин климаттык өзгөрүү тууралуу илимди сындаган. Трамп дүйнөнүн 195 өлкөсү кол койгон Париж келишиминен чыгарын да билдирген. АКШ президенти мындан тышкары айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бюджетин кыскартууну сунуштаган.

Апта башында Ак үй Париж келишиминен чыгуу чечими июнда күтүлүп жаткан "Чоң жетинин" жыйынынан соң гана кабыл алынарын билдирген. Аляскадагы арктикалык форумда сүйлөп жатып, АКШнын мамкатчысы Рекс Тиллерсон "Биз шашпайбыз. АКШ үчүн туура чечим кабыл алууга иштейбиз" деп айтты.

XS
SM
MD
LG