Линктер

жекшемби, 18-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:16

Ферганада кыргыз-өзбек достук сүйлөшүүлөрү өттү


Өзбек делегациясы Кыргызстанда, октябрь, 2016-жыл

Өзбекстандын Фергана шаарында чек ара аймагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланды.

Өзбек басылмалары маалымдаганына караганда, Баткен облусунун Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров баштаган делегациянын курамында аксакалдар, активисттер да болду. Алар 170 ишкананын продукциясы коюлган көргөзмө менен таанышты, натыйжада 15ке жакын ишкер ортосунда эки тараптуу кызматташтык тууралуу макулдашууларга кол коюлду.

Чек арадагы кызматташтыкты, ынтымакты бекемдөөгө багытталган бул саяктуу иш-чаралар 2016-жылдын күзүнөн тарта активдешүүдө. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG