Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:27

Алматыда аскер академиясынан курал жоголуу фактысы иликтенүүдө


Иллюстрация

Казакстандын Чек ара кызматынын Академиясынан 10 даана Макаров тапанчасынын жоголушу боюнча Ички иштер министрлиги сотко чейинки иликтөө баштады.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери министрликтин департамент башчысына шилтеме менен жазышкандай, курал жоголуу фактысы бирдиктүү реестрге катталган, тергөө жүрүүдө. Бир нече тапанча жетпей жатканы 6-майда аныкталган. Болжолу менен курал март айындагы машыгуудан кийин жок болгон. Көп профилдүү Академия Алматы шаарында орун алган.

XS
SM
MD
LG