Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:54

Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору менен Каржы министрлигинин алдындагы Баалуу маталлдар департаментинин адистери Кыргызстандагы зергерчилик тармагын өнүктүрүү маселесин талкуулады. Анда зер буюмдарды өндүрүүдө керектүү мыйзамдар, нормативдик документтер менен камсыз кылуу зарылдыгы айтылды. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, жыйынга зергерлер бирикмеси, Зергерлер жана ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Зер буюмдар маселесин Жогорку Кеңеш 10-майдагы отурумунда талкуулаган. Анда Каржы министрлиги өлкөдөгү зер буюмдардын 80 пайыздан ашууну чет жактан аткезчилик менен ташылып жатканын билдирген. Баалуу металлдар менен таштардан жасалган зер буюмдарды, аткезчилик менен ташып, жүгүрткөндөргө жазаны күчөтүү сунушталган.

Каржы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти былтыр 362 соода жайын текшерип, 279унда мыйзам бузууларды аныктаган, аларга 1 млн 390 миң сомдук айыппул салган. Мекеменин маалыматына караганда, өлкөгө жылына 20 тоннанын тегерегинде баалуу металлдар менен асыл таштардан жасалган буюмдар ташылып келет. Аларга Кыргызстандын мамлекеттик эн тамгасы басылууга тийиш. Бирок иш жүзүндө ал талап аткарылбай, миллиондогон сом казынага түшпөй калууда. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG