Бүгүн Чолпон-Атада СССР спортуна эмгек сиңирген чебер Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган Run the Silk Road аттуу эл аралык марафон өтүп жатат. Уюштуруучулардын айтымында, ага Орусия, Казакстан жана Европанын айрым өлкөлөрүнөн, Кыргызстандан 18 өлкөнүн эки миңден ашуун өкүлдөрү катышууда. Катышуучулар үч топко бөлүнүп, 10, 21, 42 чакырым аралыкта чуркашат. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилет.
Бул иш-чара кыргызстандыктарды сергек жашоо образына үгүттөө менен аймакка чет элден туристтерди тартуу максатында 6-жолу уюштурулуп жатат. (КЕ/JsO)