Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:32

Чоң-Алай, Өзгөн: атайын эсепке 2 млн сомго жакын каражат топтолду


Сооронбай Жээнбеков Чоң-Алайдагы жер титиреген аймакка барган учурда

Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда табигый кырсыкта жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке ушу тапта 1 млн. 900 миң сомго жакын каражат топтолду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Каражаттын 1 млн 6 миң сомдон ашууну Чоң-Алайдагы жер титирөөдө жана Өзгөндө жер көчкүдө жабыркагандарга 900 миң сомго жакын түшкөн.

Кыргыз өкмөтү Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда табигый кырсыкта жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандар үчүн банкта атайын эсеп ачкан.

Өзгөндө жер көчкүдөн жабыркагандарга жардам берем дегендер үчүн:

Банктык эсеп: 4407012100009282
Ош райондук бөлүм: 701
Төлөмдүн түрү: 2100
ИНН 00103200110150

Чоң-Алайда жер титирөөдө жабыркагандар үчүн:

Банктык эсеп: 4407012100009383
Ош райондук бөлүм: 701
төлөмдүн түрү: 2100
ИНН 00103200110150

29-апрелде таңга маал жүргөн жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 адам анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз адамдын сөөгү табылган. Кооптуу жайдан ондогон тургундар көчүрүлүп, чатырларда жашап жатат.

3-5-майда болгон жер титирөөдө Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар үйлөр авариялык абалга келген. 700дөн ашуун адам чатырларга көчүрүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG