Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Бээжинге жасаган иш сапарынын алкагында Кытайдын Жол жана көпүрөлөрдү куруу боюнча мамлекеттик корпорациянын төрагасы Лу Шан менен жолукту. Президенттик аппараттын маалыматтык саясаты бөлүмүнөн кабарлагандай, тараптар "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолун, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлорду, андан тышкары Бишкектеги автожолдорду жаңылоо маселелерин талкуулады.
Президент Алмазбек Атамбаев башында турган кыргызстандык делегация Кытайга 13-майда барды. Алар учурда Бээжиндеги “Бир алкак – бир жол” форумуна катышууда. (КЕ)