Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кызыл-Суу дарыясында суу кескин көбөйүп, кооптуу абал жаралды.
15-майда алынган маалымат боюнча Дароот-Коргон айылынын Кошулуш участкасында суу жээктерди алып, 6-7 турак жай коркунучта калды.
Учурда жээктерди бекемдөө иштери башталууда.
Жаан-чачындын көп болгонуна байланыштуу Кыргызстанда жер көчкү, сел, суу ташкындоо коркунучтары сакталууда. Жалал-Абад облусунун аймагында 19-апрелден тартып өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (NT)