Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Министрлик казак каналдары боюнча түшүндүрмө берди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстандыктар коңшу мамлекеттин каналдарын көрөт деген маалымат азыр анчейин актуалдуу болбой калганын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, иликтөөлөр бир катар санарип колдонуучулардын антенналары туура эмес жакты карап калгандыктан тартпай калганын көрсөттү:

- Биз бардык райондорду кыдырдык. Келген кайрылууларды талдап көрдүк, антенналар башка жакты карап калган. Ооба, жада калса Бишкекте казак каналдары тарткан аймактар бар. Мунун себебин аныктоо үчүн Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин адистери коңшу өлкөлөрдүн адистери, кесиптештери менен иштеп жатышат. Жыштыктарды делимитациялоо келишими талкууланууда. 10-14-апрелде Бишкекте чектеш аймактардын ар бири боюнча адистер иштеп, сигнал маселесин ортого салышты. Казакстандык кесиптештер Кордайдын жашоочулары тескерисинче биздин 50 каналды көрүүгө басым жасашарын айтышты. Менимче, бул маселе акырындык менен чечилет.

Темирбекова кошумчалагандай, ушул тапта Бишкекте 55, Ош жана Жалал-Абадда 36, Нарын, Ысык-Көлдө 22, Таласта 21, Баткенде 19 канал социалдык пакетке кирип, санарипте көрсөтүлүп жатат. 15-майга оогон түнү Кыргызстандын 95 пайызы санарипке өтүп, аналог көрсөтүүлөр өчүрүлдү.(NT)

XS
SM
MD
LG