Прага шаарында өтүп жаткан кыргыз-чех бизнес форумунун алкагында кыргызстандык ишкерлер бүгүн Чехиядагы алдыңкы компаниялардын ишмердиги менен таанышат. Шаршембиде жолугушуу жана сүйлөшүүлөр болот.
Бизнес-форум 15-майда башталган. Аны уюштурган Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, иш-чарага кыргызстандык 100гө чукул делегат барган. Арасында өкмөт өкүлдөрү да бар. Чехия тараптан 70 компаниянын, өкмөттүн жана Чех экспорт банкынын кызматкерлери катышууда.
Форум 19-майда аяктайт. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Чехия жыл сайын 8 миллион доллардын тегерегинде соода жүгүртөт.