Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Путин шайлоого катышар-катышпасын айтуудан баш тартты


Путин Бээжиндеги басма сөз жыйында. 15-май, 2017-жыл.
Путин Бээжиндеги басма сөз жыйында. 15-май, 2017-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышар-катышпасын ачык айтуудан баш тартты. Бээжинде кабарчынын "шайлоого катышарын айта турган мезгил келдиби?" деген суроосуна Путин “жок” деп жооп кайтарды.

Саясий аренадагы үстөмдүгүн, медианын катуу көзөмөл астында калганын, Орусиядагы бийлик рычагдарын эске алганда ал шайлоодо жеңип чыгары да күтүлөт. Эгер Путин 2018-жылкы шайлоону жеңсе, бул анын төртүнчү президенттик мөөнөтү болот.

“Бирдиктүү Орусия” партиясы үстөмдүк кылган орус парламенти азыр шайлоону келерки жылдын 18-мартына белгилөө жараянында. Адатта 18-мартта Орусия Крымды 2014-жылы Украинадан аннексиялаганын майрамдайт.

Орусиялык саясатчылардан 2018-жылкы шайлоого катышарын азырынча коррупцияга каршы активист, оппозиция лидери Алексей Навальный гана расмий жарыялаган. Бирок бийликтер Навальный өзү саясий куугунтук катары санаган кылмыш иштердин негизинде аны президенттик жарышка киргизбей коюшу да мүмкүн. (UE)

XS
SM
MD
LG