Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Чехияда шаардык бийлик Сталиндин "ардактуу атуул" наамын жокко чыгарды


Ческе-Будеёвице шаары.
Ческе-Будеёвице шаары.

Чехиянын Ческе-Будеёвице шаарынын бийлиги Иосиф Сталинге берилген "Шаардын ардактуу атуулу" наамын жокко чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн коомдук телеканалы кабарлады.

Сталинге аталган наам 1945-жылы ыйгарылган. Аны жокко чыгаруу боюнча талкуулар быйыл жазда башталган. Бирок калаа мэри бул демилгеге каршы чыккан эле.

Антиорусиялык көз караштан улам Сталинге берилген бул сыяктуу наамдарды Чехиянын башка ири шаарлары да алып салган.

Ческе-Будеёвице шаарынын "ардактуу атуулу" наамы 118 кишиге берилген. Арасында советтик учкуч Валентина Терешкова да бар.

XS
SM
MD
LG