Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:18

15-майда Өзбекстандын Анжиян облусунда жүздөгөн адам балмуздакка ууланып, ооруканага кайрылышты.

Облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынан кеминде 300 адам ууланганын билдиришти. Жергиликтүү жашоочулар алардын саны 600гө жетерин айтып жатышат. Шаар акимчилиги уулангандар «колдо жасалган балмуздак» жегенин кабарлады. Маалыматка караганда, шейшемби түштөн кийин шаардагы интенсивдүү терапия бөлүмүнө 182 киши жаткырылган.

Шаарга өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин жана башкы мамлекеттик санитардык врачынын орун басарлары башында турган дарыгерлер тобу келишти. Учурда бардык балмуздак саткан жайлар текшерилүүдө.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG