Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

ММК: Трамп ФБРдин иликтөөсүн токтотууга аракет кылган


ФБРдин экс-башчысы Жеймс Коми жана АКШ президенти Доналд Трамп.
ФБРдин экс-башчысы Жеймс Коми жана АКШ президенти Доналд Трамп.

Бир катар Америкалык маалымат каражаттары жазгандай, АКШ президенти Доналд Трамп улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчи Майкл Флинндин Орусия менен байланыштары боюнча Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) иликтөөсүн токтотууга аракет кылган. Маалымат каражаттары белгилегендей, мындай аракет Трамп ФБРдин экс-башчысы Жеймс Коми менен жеке жолугушуусу маалында жасалган.

Медиа каражаттары белгилегендей, Коми президент Трамп менен февраль айында, Флинн кызматтан алынгандын эртеси күнү жолуккан. Бул жолугушуудан кийин ФБРдин мурдагы башчысы Трамп андан иликтөөнү токтотууну суранганын кагазга жазып алган. Бул тууралуу Нью-Йорк Таймс, Рейтерс, AP жана башка маалымат каражаттары кабарлашты. Медиа агенттиктердин бул маалыматты берген булактары ал кагазды көрүшкөнүн жана жарым жартылай окуп да калышканын айтып беришкен.

Ак үй болсо маалымат чыгаары менен Трамп Комиден иликтөөнү токтотууну суранганын жокко чыгарды. Кээ бир мыйзам чыгаруучулар менен юристтер мындай кадам кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз берерин айтып чыгышты.

Коми 9-майда кызматтан алынган. 10-майда Трамп Орусиянын жогорку өкүлдөрү менен жолугушуп, кийинчерээк аларга жашыруун маалыматтарды ачыктаганы үчүн айыпталган. Ал эми Флинн Орусиянын Вашингтондогу элчиси менен жолугушуулары тууралуу маалыматты вице-президент Майк Пенстен жашырып койгону үчүн иштен кеткен.

XS
SM
MD
LG