Шейшембиде Украина бийлиги өлкөдөгү бир нече орусиялык сайттарга санкция киргизип, аларды жабуу чечимин кабыл алды. Жабылган сайттардын арасында Украинада кеңири колдонулуп келген "Яндекс", "ВКонтакте" жана "Одноклассники" да бар.
Тиешелүү буйрукка бир күн мурда Украинанын президенти Петро Порошенко кол койду.
Өлкөнүн Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов санкцияга кабылган социалдык тармактар маалыматтарды мыйзамсыз топтоо үчүн колдонуп, алардын жардамы менен Орусия Украинага каршы маалыматтык күрөш жүргүзүп келгенин айтты.
Тизмеге бир гана социалдык тармактар жана издөө порталдары эмес, бир катар орусиялык телеканалдар, анын ичинде РБК да кирди.
Кремль украин бийликтери кабыл алган чараларды "алысты көрө албаган кадам" деп атап, ага жараша Киевге тиешелүү жооп болорун эскертти.