Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Ала-Бука РИИБ башчысынын орун басары кармалды


Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчи орун басары маңзат бизнесине шектелип кармалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 17-майда "Азаттык" радиосуна билдиргендей, ал милиция менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин биргелешкен операциясында колго түшкөн.

Алгач эки адам кармалып, алардан 4 килограмм 754 грамм апийим табылган. Иликтөө иштеринин журүшүндө буга тиешеси бар деп милиция башчысынын 46 жаштагы орун басары да кармалган. Факты боюнча кылмыш иши козголду. (SE)

XS
SM
MD
LG