Билим берүү жана илим министрлиги Венгрияга окууга баруу үчүн сынактын 2-баскычына өткөн студенттердин тизмесин жарыялады. Министрлик тараткан билдирүүдө сынак тууралуу маалымат министрликтин сайтына жана медиа агенттиктерде жарыяланганы айтылат. Сынакка тапшырган кыргызстандыктардын документтерин атайын жобонун негизинде уюштуруу комитети тандаган. Онлайн режиминде катталып, арыз берген талапкерлердин гана документи кабыл алынган. Уюштуруу комитетинин курамына жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, сынакка жалпысынан 118 адамдан документ келип түшкөн.
Төмөнкү талапкерлер экинчи турга өткөн:
Бакалавр:
1. Толкунова Айдай
2. Садыкова Нурбийке Саттаровна
3. Каныбекова Айгерим Эрнисовна
4. Алияскаров Акбар Канатбекович
5. Калысбекова Айым
6. Торокелдиева Мээрим Төрөкелдиевна
7. Акиев Бакай Арстанбекович
8. Кудайбергенова Бегимай
9. Усупбекова Нуркыз
10. Келдибеков Омурзак Келдибекович
Магистратура:
1. Шаршекеев Махмуд Шабданбекович
2. Амадалиев Азизбек Кочкорбаевич
3. Смаилова Айнура Акматбековна
4. Сулайманова Назгүл
5. Ибраимова Айганыш Медетбековна
6. Ураимов Марат Рустамович
7. Токсобаева Айчүрөк Жээнкуловна
8. Мадеминова Бегимай Мурадыловна
9. Омурбекова Мээрим Өмүрбековна
10. Шаршекеева Чолпонай
Докторантура (Phd)
1. Валиева Айсулуу
2. Шеранова Арзуу
3. Бакытбеков Тилек
Мындан сырткары уюштуруу комитети Stipendium Hungarium программасынын талаптарына ылайык кошумча тизмеде турган талапкерлерди да аныктаган.
Бакалавр:
1. Мусаева Айзат Мусаевна
2. Медетбекова Кымбатай Медетбековна
3. Алыбаева Акмарал Эркинбековна
Магистратура:
1. Рыспекова Алия Рыспековна
2. Болотбекова Махабат Талантбековна
Тандоонун биринчи турун Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, 2-турун Венгрия тарап өткөрөт. Июнь айында Венгриянын окуу жайлары сынакка катышкан студенттерден онлайн режиминде тест алат.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев чет мамлекеттерде билим алуу үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй жатканын айтып чыккан. Ал Венгрияга окууга сынак тапшырган балдардын документтери жиберилбей, тизмеге чиновник, депутаттардын уул-кыздары кирип калганына нааразылык билдирген. Билим берүү жана илим министрлиги сынакка катышкан студенттердин тизмесин жарыялап, бирок чиновниктердин балдары тууралуу маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок. (КЕ)