Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Чолпон-Атада жоголгон наристе жергиликтүү аялдан табылды  


Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жоголгон эки жашар наристе жергиликтүү аялдан табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, 17-майда шаардагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийинде төрт баласы менен эс алып жүрүшкөн үй-бүлө сыртка ойноп кеткен эки жашар кызы дайынсыз жоголгонун айтып милицияга кайрылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө бала Чолпон-Атага конокко келген Түп айылынын тургунунун үйүнөн табылган.

- Сурамжылоо иштерин жүргүзүп, видео-камераларды караганда санаторийге кирүүчү жайдан 30-25 жаштагы келин кичинекей кызды көтөрүп алып кеткени тасмага тартылып калган. Ал аялдын ким экени аныкталды. Түптөн Чолпон-Атага энесикине келип, эс алып жүргөн экен.

Баланы алып кеткен аял аны санаторийдин короосунда ыйлап турган жеринен таап алганын, наристе кое бербей койгондуктан үйүнө алып кеткенин, тамактандырып, эртең менен милицияга жеткирейин деп жатканын айтып берген.

Милиция бала уурдалды деп айтууга болбой турганын, окуянын чоо-жайы такталып жатканын кабарлады. Топтолгон материалдар Ысык-Көл райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилген. (NT/AsM)

XS
SM
MD
LG