Кыргызстанда 19-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27;
Баткенде түнкүсүн 11...16, күндүз 22...27;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 14...19;
Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте 19-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 20...22 градус жогору болот.
Абанын табынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу 19-майга чейин тоолуу аймактарда сел коркунучу сакталууда. Дарыяларда суунун көлөмү көбөйөт.