Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:55

Рейтерс: Трамптын шайлоо штабы Орусия менен 18 жолу байланышкан


АКШ президенти Дональд Трамптын коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинн.

Рейтерс агенттигинин жазганына караганда, АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мүчөлөрү 2016-жылдын жети айында Орусиянын расмийлери жана Кремлдеги аткаминерлер менен кеминде 18 жолу телефон жана электрондук каттар аркылуу байланышкан.

Рейтерс агенттиги АКШнын мурдагы жана азыркы ысымын атабаган булактарына шилтеме кылып, билдиргенине караганда бул маалымат Трамптын администрация өкүлдөрүнүн орус расмийлери менен ыктымал байланыштары тууралуу иликтөөдө каралып жатат.

Мурда беймаалым болгон алты жолку телефон чалуу Орусиянын Вашингтондогу элчиси Сергей Кисляк менен Трамптын кеңешчилери, алардын арасында президенттин мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин ортосунда жүргүзүлгөн

Орусиянын Вашингтондогу элчилиги да бул боюнча эч кандай комментарий берген жок.

XS
SM
MD
LG